Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Amazon жана OpenAI жалпы наркы 38 млрд долларды түзгөн жети жылдык стратегиялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, келишимдин алкагында OpenAI өзүнүн негизги жасалма интеллект иш агымдарын иштетүү жана кеңири жайылтуу үчүн AWS`тин жогорку өндүрүмдүү булуттук инфраструктурасын колдонмокчу.
Бул өнөктөштүк OpenAI`ге жүз миңдеген NVIDIA GPU`ларын, он миллиондогон CPU өзөктөрүн колдонууга мүмкүндүк берет.
Amazon компаниясы OpenAIге коопсуздук, ишенимдүүлүк жана жогорку аткаруу боюнча кеңири масштабдагы инфраструктура сунуштайт.
Жаңы келишимге ылайык, OpenAI Amazon ресурстарын дароо колдоно баштайт, ал эми бардык пландалган инфраструктура 2026-жылдын аягына чейин толук ишке кирет. 2027-жылдан кийин келишимди кеңейтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул инфраструктура OpenAI`ге ар кандай жумуш жүктөрүн - ChatGPT суроо-талаптарынан тартып, кийинки муундагы моделдерди үйрөтүүгө чейин иштетүүгө мүмкүндүк берет.
OpenAI`дын башкы директору Сэм Альтмандын айтымында, өнүккөн жасалма интеллектти масштабдоо үчүн чоң жана ишенимдүү эсептөө кубаты абдан маанилүү.