Amazon курьерлери үчүн ЖИ менен иштеген акылдуу көз айнектерди чыгарууда

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 08:55
17612260822055421403_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Amazon өзүнүн курьерлери үчүн жасалма интеллект (ЖИ) менен иштеген акылдуу көз айнектерди иштеп чыгууда. Бул алардын телефондорун, жеткирип жаткан баштыктарын жана айлана-тегерегин дайыма карап туруу зарылдыгын азайтып, аларга колдун жардамысыз иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Азертадж чет элдик ЖМКларга таянып бирдирди.

Компания көз айнектер курьерлерге буйрутмаларды сканерлөөгө, жөө жүрүү маршруту боюнча көрсөтмөлөрдү аткарууга жана жеткирүүнүн далилдерин каттоого мүмкүндүк берип, мунун баары телефонду колдонбостон ишке ашат деп билдирди.

Көз айнектер жасалма интеллектке негизделген сенсордук мүмкүнчүлүктөрдү жана компьютердик көрүүнү камералар менен айкалыштырып, коркунучтарды жана жеткирүү тапшырмаларын көрсөткөн дисплейди түзөт.

Amazon жаңы көз айнектер айдоочу-курьерлерге майда-чүйдө көрсөтмөлөрдү жана коркунучтар тууралуу маалыматты түз эле көздүн алдына көрсөтүү менен ар бир жеткирүүгө кеткен убакытты кыскартат деп үмүттөнүүдө.

Көз айнек жеткирүүчүнүн күрмөсүнө тагылуучу атайын аппаратка туташтырылган, анда башкаруу элементтери, алмаштырылуучу кубаттагыч жана атайын өзгөчө кырдаалдар үчүн жардам баскычы бар.

Amazon көз айнектер рецепт боюнча линзаларды (көздүн көрүүсүн оңдоочу) жана жарыкка автоматтык түрдө ыңгайлашкан өтмө линзаларды да камтый турганын белгилейт.