Amazon 600 миңден ашуун кызматкерин жасалма интеллектке алмаштырды

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-10-24 at 15.08.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Amazon 600 миңден ашуун кызматкерин жасалма интеллект жана робототехникага алмаштырды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, электрондук коммерция гиганты 2033-жылга чейин АКШдагы жумушчу күчүн көбөйтпөстөн, продукциянын көлөмүн эки эсеге чейин арттырууну көздөөдө.

2026-жылдын аягына чейин болжол менен 40 бөлүштүрүүчү кампа автоматташтырылат. Бул жаңылануулар жыл сайын компанияга 4 миллиард долларга чейин үнөм алып келиши мүмкүн.