Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун расмий ачылышына катышты.
Ал өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн жогорку темпи тууралуу айтып, Кыргызстандын форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Анткени форум бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири бизнес-платформалардын бири жана жаңы экономикалык байланыштар калыптанган, инвестициялык чечимдер кабыл алынган, аймактык долбоорлор ишке ашырыла турган мейкиндик болуп саналат.
"Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш жана союздаш өлкөлөр, алардын мамилелери жалпы тарыхка жана тыгыз гуманитардык байланыштарга гана эмес, бекем экономикалык пайдубалга негизделген", - деди ал.
Амангелдиев кооперациянын сапаттык өнүгүүсү тууралуу айтып, биринчи кезекте соода мамилелеринен биргелешкен өндүрүшкө өтүүгө, өнөр жай байланыштарын чыңдоого жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады. Экономикалык өсүштүн факторлоруна токтолуп, ал мамлекеттин тең салмактуу экономикалык саясатын белгиледи: бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, салык жана бажылык башкарууну жөнөкөйлөтүү.
Анын айтымында, бул факторлор ишкердик активдүүлүктү арттырып, ички рынокту кеңейтип, экономиканын олуттуу бөлүгүн көмүскө экономикадан алып чыкты. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине катышуусу атамекендик өндүрүшчүлөргө чоң рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип, биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды олуттуу түрдө чыңдады. Мындан тышкары, Кыргызстан жана Евразия чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрдүн өсүү потенциалы экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, өнөр жай кооперациясына, санариптик экономикага жана биргелешкен технологиялык долбоорлорго байланыштуу экенин белгиледи.
"Биздин азыркы милдет - жогорку көрсөткүчтөрдү сактап калуу эмес, бул өсүштүн сапатын камсыз кылуу: заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, технологияларды өнүктүрүү жана жарандардын кирешесинин туруктуу өсүшүнө жетишүү", - деди ал.
Ошондой эле форумдун экинчи күнүндө Амангелдиев "Бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы синергия эл аралык мамилелердеги гуманитардык саясаттын натыйжалуу механизми катары" аталышындагы панелдик сессияга катышты.
Анда эл аралык гуманитардык кызматташуудагы бизнес коомчулугунун ролуна жана республикадагы бизнести колдоо чараларына токтолду.
Анын айтымында, гуманитардык кызматташтык мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү инструменттердин бирине айланууда.
Төраганын биринчи орун басары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргызстан үчүн мамлекеттик саясаттын приоритети болуп санала тургандыгын, адамдарга, алардын билимине, жөндөмүнө, чыгармачылык потенциалына инвестициясыз экономиканын туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин баса белгиледи.
"Мамлекеттин, бизнестин, коомдун биргелешкен аракети менен гана биз заманбап чакырыктарды ийгиликтүү чечип, келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө алабыз", - деди Данияр Амангелдиев.