Алжирде токойдогу өрттөрдөн улам 12 адам каза тапты

Дүйнө 27 август 2026 09:20
Алжирде токойдогу өрттөрдөн улам 12 адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Алжирдеги токойдогу өрттөн улам 12 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, өрттө 50дөн ашык адам жаракат алган. Жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун, 26-августта Алжирде отуз жети өрт кырсыгы катталды. Алардын бешөө түндүк-чыгыштагы Жижел провинциясында болгон. Буга байланыштуу бир нече үй-бүлө эвакуацияланган.