Алыскы туугандарга да уруксат берүү: Донорлукту кеңейтүү сунушталды

Ден соолук Загрузка... 01 Апрель 2026 17:10
10527364_0_0_2861_1609_1920x0_80_0_0_2a5bb43db21489f9e35b75df53296fa7.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнүн шарттарын кайра карап чыгып, донор катары жакын туугандарына гана эмес, алыскы туугандарына да мүмкүнчүлүк берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө тиешелүү документте бейтапка эң жакын туугандары же бир туугандары гана донор болот деп жазылган.

"Белгилүү болгондой, 2024-жылдан тартып президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен боор, бөйрөк алмаштыруу операциялары бекер жасалып келет. Бирок бүгүнкү күндө эң жакын туугандары, бир туугандары донор болот деп жазылган. Жакын туугандары ар кандай себептерден улам же ден соолугуна байланыштуу органдарын бере албай калган учурда, чет мамлекеттен донорлорду издешүүдө. Социалдык тармактарда да ден соолугуна байланыштуу чет мамлекетке чыгууга туура келип, жардам сурагандар көбөйдү. Ошондуктан эң жакындарынан тышкары алыскы туугандары да донор болуп бере ала тургандай чечим кабыл алуу зарыл болуп турат. Өзгөртүү менен ушундай чечимдерге барсак, ден соолугунан жабыркаган жарандарыбыз үчүн чоң салым кошкон болот элек. Көптөгөн адамдардын ден соолугу калыбына келип, өмүрүн узартууга өбөлгө болот элек деген ойдомун", — деди Түмөнбаев.