Алыкул Осмоновдун үй-музейин мамлекеттик менчикке өткөрүү пландалууда

Маданият Загрузка... 20 Ноябрь 2025 16:00
351800_w_h500_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Сокулук көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейи имаратын мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун даярдады.

Бул демилге имараттын сакталышын камсыз кылууга жана аны натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле Алыкул Осмоновдун жашоосуна жана чыгармачылыгына байланыштуу бардык музей объекттерин башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүүгө багытталган.

Музейди мамлекетке өткөрүп берүү жергиликтүү бюджеттин 1 млн 52 миң сомго жакын каражатын үнөмдөйт.

Долбоор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана мэриянын Маданият башкармалыгынын кайрылууларынын негизинде даярдалган. Объекттин баланстык баасы 125,45 миң сомду түзөт.

Маалымат үчүн: Алыкул Осмонов (1915–1950) — кыргыздын классик акыны, драматург жана котормочу. Кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 1950-жылы 35 жашында каза болгон.