Алтындын дүйнөлүк баасы кескин жогорулады. Тарыхта биринчи жолу анын баасы бир унциясы 5 миң доллардан ашты. Глобалдык туруксуздук шартында алтын эң ишенимдүү актив бойдон калууда. Баанын кезектеги көтөрүлүшү Гренландиянын айланасындагы чыңалуу жана АКШ президентинин европалык өнөктөштөргө да бажы алымдарын киргизүүгө даярдыгы тууралуу билдирүүлөрү себеп болду. Буга чейин деле Газа секторундагы, Венесуэладагы жана Украинадагы чыңалуудан улам баалар туруктуу өсүп келген. Көптөгөн Борбордук банктар азыр алтынга жигердүү инвестиция салууда. Инвесторлор белгисиздик шартында коопсуз активдерди сатып алгандыктан, күмүш менен платина (ак алтын) да кымбаттоодо.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Кабар" агенттигине берген маегинде, алтындын баасы рекорд коюп жатканы Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу экенин белгиледи.

"25-январга карата алтын тарыхта биринчи жолу 5 000 доллардык чектен ашты. Бул биздин өлкө үчүн жакшы жаңылык, себеби алтын — Кыргызстан чет өлкөгө экспорттогон негизги товарлардын бири. Баа көтөрүлгөндө, биз мурдагыдай эле көлөмдөгү алтын үчүн көбүрөөк валюта алабыз. Бул техника, отун, дары-дармек импорттоодо маанилүү. Валюта канчалык көп келсе, сомдун курсу ошончолук туруктуу болот.
Эгерде сандарга таяна турган болсок, 2024-жылы Кыргызстандын жалпы товардык экспорту болжол менен 5 млрд долларды түздү, анын ичинен чет өлкөгө алтын сатуудан түшкөн киреше 2,5 миллиард долларга жетти. Башкача айтканда, жалпы товардык экспорттун дээрлик жарымы так ушул баалуу металлга туура келди», — деп белгилейт Төлөнбек Абдыров.
Эксперттер Садыр Жапаровдун Кумтөр кенинин үстүнөн мамлекеттин толук көзөмөлүн орнотконунун маанилүүлүгүн баса белгилешүүдө. Кен учурда өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат — бюджетти салыктык түшүүлөр менен толтурууда, алтын-валюта резервдери өсүүдө, ошондой эле Кыргызстан зарылчылыкка жараша баалуу металлды экспорттоп жатат. Азыркы тапта бул экономиканын стратегиялык туруктуулугун камсыз кылган жана тышкы терс таасирлерден коргогон стратегиялык тармак болуп саналат.

Алтындын баасынын өсүшү негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө сөзсүз таасирин тийгизет. Тышкы соодадагы баланс жакшырат. Ата мекендик алтын казуучу ишканалардын кирешеси жогорулайт, демек, алар бюджетке көбүрөөк салыктарды жана төлөмдөрдү багытташат.
"Эл аралык баалоолор Кумтөрдүн мамлекеттин кирешесине кошкон салымы абдан байкаларлык экенин көрсөтүүдө. Эл аралык валюта фондунун отчетунда салыктык түшүүлөр кыйла жакшырганы белгиленген.
Дагы бир маанилүү жагдай — жалпы туруктуулук. Алтынды экспорттоодо көбүрөөк валюта келгенде, мамлекетке эл аралык резервдерди кармап туруу жеңилирээк болот. Бул бизге тышкы соккулардан, мисалы, импорттук товарлардын баасы кескин жогорулаганда же логистикалык үзгүлтүктөрдөн тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, алтындын баасынын жогорулашы Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун бекемдөөчү негизги фактор болуп саналат.

"Биз алтын мындан ары да кымбаттай берерин түшүнүшүбүз керек. Өз убагында президентибиз бул маселеге олуттуу мамиле жасап, Кумтөрдүн Кыргызстандын карамагына өтүшүн камсыз кылган. Бул биздин экономикабыздын мындан аркы өнүгүүсү үчүн олуттуу колдоо болду", — деп белгиледи Төлөнбек Абдыров.
Инвесторлор тышкы конъюнктуранын кичинекей өзгөрүүлөрүнө да абдан сезимтал мамиле жасашат. Адатта, кандайдыр бир курчуп кетүү мезгилинде баары акчаларын коопсуз жакка чыгарып кетүүгө аракет кылышат. Алтын куймасы инфляцияга кабылбаган жана эч кандай толкундоолорго көз каранды болбогон эң ишенимдүү актив болуп эсептелет. Акчанын жана ар кандай валюталардын наркы өзгөрүшү мүмкүн, ал эми баалуу металлдар өзгөчө бир үлгү катары каралат.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, ШКУнун илимий-изилдөө борборунун башчысы Улугбек Ерешеев глобалдык толкундоолор же эл аралык чыңалуу алтынга болгон суроо-талаптын өсүшүнө жана анын кыйла кымбатташына алып келгенин белгилейт. Бирок, азыр болуп жаткан окуялар, биз азыр көрүп жаткан толкун, буга чейин эч качан катталган эмес. Ошон үчүн баалар тарыхый рекорддорду жаңылоодо.

"Финансылык жана биржалык рыноктордо азыр калыптанып жаткан тенденция учурда Кыргызстан үчүн албетте пайдалуу. Бул мамлекеттик бюджетке кошумча киреше, экономикалык көрсөткүчтөрдүн байкаларлык жакшырышы жана мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү дегенди билдирет. Бул, албетте, жакшы.
Бирок, бул кырдаалга узак мөөнөттүү коюмдарды коюунун кереги жок. Менин оюмча, каржы рынокторунда абал анча туруктуу эмес болуп турган чакта, алтындын олуттуу бөлүгүн өлкө ичинде кармап туруу керек. Албетте, алтынды пайдалуу сатса болот, бирок эгер баалуу металлдар андан ары да кымбаттай бере турган болсо, анда бизге өтүмдүүлүгүн жоготуп жаткан чет өлкөлүк валюталардын чоң көлөмдө эмне кереги бар? Учурдан пайдалануу, албетте, керек, бирок алтын кору — бул эң маанилүү нерселер үчүн сакталган резерв, ал эми ал сарпталса, зарылчылыкка жараша конкреттүү маселелерди чечүү үчүн гана бөлүп-бөлүп жумшалышы керек деген позицияда болушубуз зарыл.
Негизинен, мамлекет азыр натыйжалуу менеджер болуп саналат. Ошондуктан баалуу металлдарды жогорулатылган баада сатуу экономикага оң таасирин тийгизет. Бирок бул өсүштүн жалгыз гана чекити эмес. Ал эми биз олуттуу өнүгүү жана чоң секирик жөнүндө айта турган болсок, анда алтын өтүмдүү актив гана эмес, мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдөгү эң ишенимдүү төлөм каражаты бойдон кала берет. Демек, ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен толукталып туруучу стратегиялык резервге ээ болуу менен биз келечектеги өсүштүн бекем пайдубалын жана олуттуу туруктуулук корун түзөбүз", — деди Улугбек Ерешеев.
Эксперттер Кыргызстан бир катар маанилүү өнүгүү кадамдарын жасап, экономиканын туруктуу өсүү жолунда жүрүшүнө шарт түзгөн олуттуу реформаларды ишке ашырганын белгилешет. Алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү дагы бир позитивдүү көрүнүш, анын өнүгүү потенциалын жогорулатуу жана андан ары өнүктүрүү болуп саналат.
Ошол эле учурда алтынды сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик карызды көбөйтпөстөн, өнүктүрүү долбоорлоруна багытталышы мүмкүн.