Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Алтындын баасы бир унциясына 3722 доллардан ашып, тарыхый максимумун жаңылады.
ТААС маалымдагандай, Comex биржасында дүйшөмбү күндөгү соодалоонун жүрүшүндө баалуу металлдын бир унциясы үчүн тарыхый максимум 3722,4 долларга жетти.
АКШ долларынын алсызданышынын жана АКШнын мамлекеттик облигацияларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында алтынга суроо-талап көбөйдү.
Инвесторлор АКШнын Федералдык резервдик системасынын өткөн жылдын декабрынан бери биринчи жолу пайыздык чендерди төмөндөтүшүн күтүшүүдө.
Алтын 2024-жылы 27% өскөндөн кийин ушул жылдын башынан бери болжол менен 35%га кымбаттады.
Буга дүйнөлүк борбордук банктардын алтын сатып алуулары, акча-кредиттик саясаттын жеңилдетилиши жана жалпы геосаясий жана экономикалык белгисиздик да мүмкүнчүлүк түздү.