Алтындын баасы 4100 доллардан жогору бойдон калууда

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 08:55
aa30daac-cfd6-45a5-a456-88adcff76d65.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Алтындын баасы бир аз төмөндөп, бирок унциясына 4100 доллардан жогору бойдон калууда.

Интерфакс маалымдагандай, Comex биржасында декабрь айында алтын болжол менен 0,2%га төмөндөп, унциясына 4115 долларды түздү.

Акыркы убакта баалуу металл 2,6%га жогорулады. АКШ өкмөтүнүн ишинин токтотулушунун (шатдаун) аякташы күтүлгөнү алтындын баасы үчүн оң фактор болгону айтылууда.

Маалыматка ылайык, АКШ Сенаты күн мурун өкмөттү каржылоо боюнча убактылуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоору эми Өкүлдөр палатасында каралат.