Учурда алтын жана башка баалуу кендерди казуудан баштап, заводдо аларды тазалап, куйганга чейинки бардык процесске мониторинг системасын киргизүү демилгеси талкууланып жатат. Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл технологияларын иштеп чыгуу боюнча адистешкен швейцариялык SICPA SA компаниясы менен консультация жүрүп жатканын билдирди. Демилге ишке ашса, бир эле салыктан мамлекеттик бюджетке жылына 214 млн доллар кошумча каражат түшүп турары айтылууда.
2026-жылдын башында Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын жана валюта боюнча эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашты. Резервдер бир жылда 90% өсүп, тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми жеке алтындын эсебине келсек, Улуттук банктын кампасында 55 тоннага жакын алтын сакталып турганы маалымдалган. Бул камылга өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана каржылык туруктуулугун камсыздоого багытталып келет.

Алтындын өлкө экономикасындагы ролун эске алганда, тоо-кен тармагын өнүктүрүү, анын ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу биздин өлкө үчүн маанилүү. Бул максатта Мамлекеттик салык кызматы казылган алтынды жана башка баалуу металлдарды баштан-аяк көзөмөлдөөчү технологияны түзүү боюнча швейцариялык SICPA SA компаниясы менен консультация жүргүзүп жатат. Компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов Кыргызстандагы алтын кендеринин ишмердигин жакшыртуу зарылдыгын билдирген.
"Кыргызстанда алтын кендери жана аны казып алган компаниялар көп. Бирок натыйжалуу көзөмөл механизмдеринин жетишсиздигинен маалыматтарды бурмалоо, айрым жоопкерчиликсиз субъекттер тарабынан өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер жаралууда", – деди Алманбет Шыкмаматов.
Аталган компания акча жана мамлекеттик маанилүү документтерди жасалма жол менен чыгаруудан сактай турган коопсуздук сыяларын, паспорт, ID-карта, виза жана айдоочулук күбөлүктөрүнө басыла турган атайын сыяларды өндүрөт. Бул салык төлөөдөн качуунун алдын алууга мүмкүндүк берген мониторинг жана контролдоо технологияларын иштеп чыккан компания.
Мамлекеттик салык кызматынын "Кабар" агенттигине берген маалыматына караганда, талкууланып жаткан мониторинг системасы алтынды казуудан баштап, заводдо тазалап, калыпка куюуга чейинки процессти тыкыр көзөмөлдөйт. Эгер ишке киргизилсе, баалуу металлдарды өндүргөн ишканалардын баарын, анын ичинде жеке чалгындоочуларды да камтыйт. Натыйжада кен казуу тартипке салынып, система мурда расмий санакка кирбеген металлдын олуттуу көлөмүн көмүскөдөн алып чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке кошумча каражат түшүп турат.
"SICPA SA компаниясынын эсеби боюнча, алтын казууну мониторинг кылуу жана анын мыйзамдуулугун ырастоо мамлекеттик бюджетке 214 млн АКШ доллары түрүндө кошумча жылдык киреше алып келет. Алтынга байкоо жүргүзүүнү камсыздоо жана анын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктоо баалуу металлдын биржалык наркын 7%га чейин жогорулатат. Бул алтын казуучу компаниялардын жана мамлекеттик бюджеттин кошумча кирешелерине оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары, аталган компаниянын эсеби боюнча, алтын өндүрүүнү мониторинг кылуу мыйзамдуу өндүрүштүн көлөмүн кеминде 10%га көбөйтүүнү камсыздай алат.
Бул мониторингди ишке ашыруу алтын өндүрүүчү ишканаларга бирдей шарт түзүп, даяр продукциянын рыногун кеңейтип, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга бөгөт коёт.
Азыркы учурда SICPA SA менен бул багытта коммерциялык же башка мүнөздөгү макулдашуулар түзүлгөн эмес. Толугу менен салык салуу максатында алтын өндүрүүгө мониторинг кылууну камсыздоо үчүн консультациялар жүрүп жатат", — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Швейцариялык компаниянын өкүлдөрүн президент Садыр Жапаров да кабыл алганы маалым. Өлкө башчы тоо-кен тармагын ырааттуу өнүктүрүү, анын ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле ишенимдүү өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеген.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, салык кызматы санариптештирүү аркылуу баалуу металлдардын өндүрүлгөн көлөмү, канчасы ички рынокко чыгарылып, канчасы сыртка сатылып жатканы боюнча түздөн-түз маалымат алып, ошого жараша салык өндүрүп алат.

"Алтын жана башка кендердеги чалгындоо иштеринен тартып акыркы продукция чыкканга чейинки процесстер боюнча маалыматтарды ишканалар жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик мекемелер беришет. Ошол маалыматтардын негизинде Улуттук статистикалык комитет, салык органдары тийиштүү иштерин жүргүзүшөт. Учурда алтын казып алуудан тартып, алынган үлгүлөр, алардын курамы, алтынды иштеткенден чыккан көлөмдөргө чейин баарын биргелешкен системага киргизип, иш жүргүзүү сунушталып жаткан экен. Эгер ал орундалса, салык иш-чаралары кен казып иштеткен, биринчи кезекте алтын өндүргөн компаниялар даярдап берген маалыматтын негизинде эмес, санариптештирүү жолу менен салык органдарына түздөн-түз түшкөн маалыматтар боюнча жүргүзүлөт", — деди Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков.