“Алтын казык”: Баланы бала бакчадан дүйнөлүк билим базарына даярдоого чейинки жол

Билим Загрузка... 01 Сентябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

“Алтын казык” программасынын негизги максаты — адамдык капиталды өнүктүрүү, балдарды бала бакчадан тартып сапаттуу билим менен камсыз кылуу, дүйнөлүк билим жана эмгек базарына даяр, атаандашууга жөндөмдүү инсанды тарбиялап чыгуу болуп саналат. Ал толугу менен билим берүүнүн мазмунун, методикасын өзгөртүүгө багытталган. Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн биринчи себеби өлкөдөгү билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү болгон.

Башкы багыттар төмөнкүлөр болууда:

- Мектепке чейинки билим берүү - бала бакчага баруу деңгээлин көтөрүү.

- Жалпы билим берүү -12 жылдык мектепке өтүү, STEM, жаңы китептер, санариптик платформалар.

- Кесиптик билим берүү - дуалдык окутуу, жумушка орношууну жеңилдетүү.

Агартуу министрлигине караштуу Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулованын айтымында “Алтын казык” программасынын негизги баскычтарынын бири – 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси болуп саналат.

“Программанын башкысы максаты - өлкөдөгү мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу. Муну менен биз дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыгууну пландап жатабыз. Билим берүү тармагы өнүккөн 150 өлкөдө 12 жылдык билим берүү модели иштейт. Андыктан биз дагы бул жолду тандап алуу менен окуучуларыбыз башка өлкөлөргө барып окуп калса же мектепти аяктагандан кийин бир жыл күтүп отурбастан окууга өтө алгыдай жолдорду ачып жатабыз.

Ошондой эле, 12 жылдык программага өтүүдө бир катар иштер жасалууда. Биринчиден, билим берүүнүн фундаменталдык ченемдик-укуктук базасы бекитилди. Атап айтканда билим берүүнүн 12 жылдык концепциясын кабыл алдык. Анда ар бир тармак кандай иштерди кандай багыттарда алып барыш керек экендиги жазылган. Ошондой эле анын негизинде билим берүүнүн жаңы стандартын кабыл алдык.

Буга мектепке чейинки билим берүү тармагы да кошулду. Буга чейин аталган ишти бала бакчалар жүргүзүп келген. Эми 6 жаштагы балдар мектепке 1-класска кабыл алынып, мектепке даярдоо программасынан өтүшөт. Бул программа аларды 100% мектепке даярдоодон өткөрүп, аларды социалдаштыруунун, негизги функционалдык жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Экинчи жарым жылдыкта гана алар академиялык билим алууга өтүшөт.

Андан сырткары 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө анын мазмуну өзгөртүлүп, жаңыланууда. Атап айтканда STEM предметтерине – математика, табигый-илимий предметтерге басым жасалууда. 1-2-5- жана 7-класстар 12 жылдыкка өткөрүлүүдө.

Жогоруда аталган төрт класска – 1-2-класстар үчүн китептер басылып бүттү. Эми мектептерге жеткирилип берилет. Учурда 5-7-класстарга басылууда. 3-9-класстардын англис тили басылып чыгып, мектептерге жеткирилген. Ошондой эле 1-класстар үчүн “Наристе” жана “Алиппе” китептери даярдалды. Андан сырткары Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен ортодо келишим бар. Анын негизинде1-2-5- жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты китеби даярдалды. Китептер октябрь айында келет. Азыркы жобонун негизинде ар бир окуу китебинин электрондук варианты болот. Министрликтин алдында “Китеп” платформасы түзүлгөн. Анын негизинде 12 жылдыкка өтө турган класстардын китептери жаңыланып, электрондук форматтагы версиялары дагы жайгаштырылат. Аны ар бир окуучу же ата-энелер жүктөп алып же кагаз бетине чыгарып алып колдоно берсе болот.

Мугалимдер да даярдыктардан өтүштү. 2024-жылы 80 тренер даярдалып, STEM предметтери боюнча мугалимдерди окуткан. Өлкө боюнча 93 миң мугалим бар болсо анын 30 миңден ашууну даярдалды. Окутуулар дагы да улантылат. Июль-август айларында министрлик ар бир мектептин окутуу жана тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басарларын (завуч) жана методисттерди чакырып, педагогикалык форум өткөрдү.

Андан сырткары санариптештирүү багытында электрондук журнал, күндөлүк жана табелдер санариптештирилди.

Инфраструктура жагын айта турган болсок, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мисалы, 1-класстардын окуу тартиби оюн түрүндө жүргүзүлгөндүктөн, эмерек, жабдуулар менен камсыздалууда. Ошондой эле STEM пограммасынын табигый-илимий предметтерине, жогорку класстарда кесиптик билим берүү программаларын жүргүзүүдө лабораториялар жана жабдууларды түзүп берүү иштери пландалууда. Келерки жылы мына ушул иштер жасалат.

Жасалып жаткан бардык иштер республикалык бюджеттен каржыланууда жана ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы менен Ислам өнүктүрүү банкы көмөктөшөт.