Алты жашка чейинки балдарга дары-дармектер акысыз берилет - ММК фонду

Ден соолук Загрузка... 19 Март 2025 14:21
WhatsApp_Image_2025_neYpDi8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 6 жашка чейинки балдарга дарылар акысыз берилет. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6 жашка чейинки балдар калктын камсыздандырылуучу катмарына кирет. Андыктан мындан ары Кыргызстанда 6 жашка чейинки балдарга ММК (ОМС) менен базистик баада 100% компенсацияланган дарылар берилет.

“Үй-бүлөлүк дарыгер баладан аз кандуулук, өпкө, ичеги-карын ж.б. сыяктуу (мисалы, антибиотик, темир препараттары, астмага каршы ж.б. дарылар менен) дарылоону талап кылган ооруларды тапкан учурда, “ММКтин кошумча программасы боюнча кайтарылып берилүүчү дары-дармектердин справочнигине” (https://foms.kg/spavochniki/) кирген дарыларды электрондук рецепт түрүндө жазып берет. Ошондой эле, дары каражаттарынын баасы базистик баа менен 100% төлөнүп берилет”, - деп айтылат фонддун маалыматында.

Жеңилдетилген баадагы дарыларды алуу үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу зарыл:

- баланы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна каттоого тургузуу;

- үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт жаздыртып алуу (көрсөтмөлөрү менен). Электрондук рецепт жазылган күндөн тарта бир ай жарактуу;

- ММКФ менен кызматташкан дарыканаларга (өлкө боюнча 1000ден ашуун дарыкана) кайрылуу жана ММКФте көрсөтүлгөн жеңилдетүү менен сатып алуу.

Андан сырткары Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча балдарды көрүү, консультациялоо, дарылоо, лабораториялык-диагностикадан өткөрүү иштери акысыз жүргүзүлөрүн фонддогулар кошумчалады.

Суроолор боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууга же күнү-түнү иштөөчү 113 номерине чалууга болот. Чалуулардын бардык түрү акысыз.