Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. Альпы тоолорунда түшкөн кар көчкүдөн германиялык 5 альпинист каза тапты. Бул тууралуу Италиянын тоо куткаруу кызматынын маалыматына таянып, Известия билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, кырсык Түштүк Тиролдогу Фертайншпитце (Чима Вертана) чокусунун түндүк капталында болгон. Чокунун бийиктиги 3,5 миң метрден ашат.
Жалпы 7 адамдан альпинисттик топ тоого ар башка убакта жана өз алдынча көтөрүлүп жаткан учурда кар көчкү түшкөн. Алгач 3 альпинисттин, андан кийин экөөнүн сөөгү табылган. Каза болгондордун арасында атасы менен 17 жаштагы кызы болгон. Ошондой эле 2 альпинист аман калып, алар Больцано шаарындагы ооруканага тик учак менен жеткирилген.
Кырсык болжол менен 3200 метр бийиктикте болгон. Тоо куткаруу кызматынын өкүлү билдиргендей, ал күнү кар көчкүнүн коркунучу жогору эмес деп эсептелинген.