Альп тоосундагы жарака кеңейип, көчкү коркунучу жаралууда

Дүйнө 13 октябрь 2026 09:15
Альп тоосундагы жарака кеңейип, көчкү коркунучу жаралууда

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26 /Кабар/. Германия менен Австриянын чек арасындагы Хохфогель тоосунда ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүү коркунучу күчөдү. Окумуштуулар тоонун чокусундагы туурасы 6 метрге жеткен жарака кеңейип жатканын аныкташкан. Кырсык болгон учурда 400 миң куб метрге чейин тоо тектери ылдый кулашы мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында тоодон 2 миң куб метрге жакын тоо теги урап түшкөн. Изилдөөчүлөр алдыда 250 миңден 400 миң куб метрге чейинки көлөмдөгү таштар тоо боорунан кулашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Хохфогель тоосу Альгой Альп тоо кыркасына кирет. Анын бийиктиги 2 миң 592 метрди түзөт. Тоонун чокусундагы негизги жарака XIX кылымда пайда болгон. Учурда анын туурасы 6 метрге, узундугу 35 метрге, тереңдиги 60 метрге жеткен.

Мюнхен техникалык университетинин окумуштуулары тоонун абалын 12 жылдан бери байкап келишет. Учурда ал жерде тоо тектеринин кыймылын көзөмөлдөгөн 30дан ашык датчик орнотулган. Жаз мезгилинде жабдуулар тоо тектеринин жумасына 5 миллиметрге чейин жылып жатканын каттаган.

Изилдөөчүлөр тоо тектеринин жылышын нөшөрлөгөн жаан-чачын, күн күркүрөө жана кардын эриши менен байланыштырышат. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана экстремалдуу аба ырайынын көбөйүшү таш кулоолордун жыштыгына жана ылдамдыгына таасир этиши мүмкүн.

Коопсуздук максатында тоонун Австрия тараптан чокусуна чыгуу альпинисттер үчүн жабылган. Ал эми Германия тараптагы маршрут азырынча ачык бойдон калууда.

Эске салсак, акыркы беш жылда Швейцариянын Альп тоолорундагы мөңгүлөр көлөмүнүн дээрлик 20 пайызын жоготкон. Адистердин маалыматы боюнча, 2026-жылы аптаптуу ысык жана кардын аз жаашы муздун эришин тездеткен.

Ошондой эле төртүнчү жыл катары менен дүйнөнүн бардык аймактарында мөңгүлөрдүн массасы азайып жатканы кабарланат.