Шыкмаматов: Санариптештирүү жана салык төлөөчүнү урматтоо – жаңы реформалардын негизги өзөгү

Коом Загрузка... 21 Апрель 2025 13:10
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Санариптештирүү жана салык төлөөчүнү урматтоо — жаңы реформалардын негизги өзөгү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн коллегиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну өркүндөтүүгө багытталган стратегиялык артыкчылыктарды ишке ашырууга күч-аракетин жумшайт.

Ведомствонун ишинин негизги багыттарынын бири салык жол-жоболорун санариптештирүү болуп саналат.

Ал административдик процесстерди жөнөкөйлөтүүгө, салык төлөөчү менен салык органдарынын ортосундагы түз байланышты кыскартууга, системанын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле катачылык жана кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин азайтууга багытталган заманбап чечимдерди киргизүүнү болжолдойт.

“Санариптештирүү – жөн гана ыңгайлуулук эмес. Бул мамлекет менен салык төлөөчүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы маданиятына карай жол”, — деп белгиледи кызматтын жетекчиси.

Негизги милдеттердин бири — ар бир жаран салык кызматтарын түшүнүктүү, тез жана жеткиликтүү түрдө алышы үчүн ашыкча бюрократияны жоюу болуп саналат.

“Биз салык отчетторунун формаларын оптималдаштыруу боюнча иштерди аяктап жатабыз. Бир катар отчеттор бириктирилип, бир катары жөнөкөйлөштүрүлөт, ал эми айрымдарынан таптакыр баш тартабыз. Максатыбыз – бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, ошондо ар бир салык төлөөчү бухгалтердин жардамысыз, өз алдынча салыктарды төлөп, отчетторду бир баскыч менен өз убагында тапшыра алгыдай болушу керек”, — ал.

Салык кызматтарынын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Салык кызматы тейлөөнүн формасын гана жакшыртууга эмес, салык төлөөчүлөргө болгон мамилесин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө умтулууда. Стандарттарды кайра карап чыгуу, санариптик сервистерди киргизүү жана консультациялык аянтчаларды кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Салык кызматы — бул сервис. Биз кардарларга ыңгайлуу, жеткиликтүү жана кесипкөй кызмат көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Салык тартибин сактоодо салык төлөөчү үчүн эң биринчи башкы жардамчы болууга умтулушубуз керек”, — деп баса белгиледи МСКнын башчысы.

Бизнес жана коомчулук менен диалог бирдей маанилүү артыкчылык бойдон калууда, ал кайтарым байланышты жакшыртууну жана салык чөйрөсүндөгү жаңылыктар жөнүндө ыкчам маалымдоону камтыйт.

“Биз аларга үстөмдүк кылбастан, алардын оюн угуп, жардам беришибиз керек. Ыкчам кайтарым байланыш тутуму ишке киргизилди, түз байланыш линияларынын, онлайн-чаттардын иши күчөтүлдү. Акыркы айларда бизнес менен диалогдун аркасында биз пайдалуу өзгөртүүлөрдү — ЭТТКны жокко чыгаруу, салык жеңилдиктери, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана башка демилгелерди көтөрдүк”, — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Сөзүнүн аягында Салык кызматынын төрагасы салыкчыларды ар бир салык төлөөчүгө сый мамиле жасоого чакырды.

“Биз жарандардын ишенимин актап, Салык кызматынын аброюн көтөрүүгө тийишпиз, коомчулуктун бизге болгон көз карашын өзгөртүүбүз керек. Бизге ишеним менен кайрылып, жардам берүүчү орган катары кабылдоолору зарыл", — деп баса белгиледи А.Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, коллегиянын жүрүшүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча жыйынтыктар чыгарылып, карызды азайтуу чараларын, санариптештирүү жана салык реформасы жаатындагы негизги долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Жыйынга коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.