Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги "Манас" кинотеатрында кыргыз кино тарыхында биринчи жолу тартылган жоокердик-тарыхый сериал "Өрт кечкен сөйкө" көрөрмандардын назарына сунушталды.
Теледолбоор "Кыргызсериал" чыгармачылык өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси тарабынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Кинодепартаменттин колдоосу менен, «Олокон-Медиа» продакшн студиясы аркылуу тартылган.
Сериал 8 сериядан турат, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөт. Анда Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында фронтко ыктыярдуу кеткен кыргызстандык кыздардын жана жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги жана биримдиги чагылдырылат.
Долбоордун максаты — согуш аркылуу тынчтыктын баалуулугун көрсөтүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо.