Алгачкы шамал электр станциясы: Кыргызстан жашыл энергетиканын жаңы дооруна багыт алды

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 11:01
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Балыкчы шаарында алгачкы шамал электр станциясынын курулушу жигердүү уланууда. Биринчи станция орнотулуп бүтүп, учурда аны "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКка кошуу иштери жүрүп жатат.

Шамал станциясынын курулушу ушул жылдын июнь айында башталган жана бул иш-чара тарыхый окуя катары белгиленген, анткени Кыргызстанда буга чейин өнөр жай багытында шамал электр станцияларын куруу долбоорлору ишке ашырылган эмес.

Шамал паркы Балыкчы шаарына жакын жердеги "Каракол" эркин экономикалык аймагында жергиликтүү "Метрум ТЭК" компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Инвестор улуттук энергетиканы өнүктүрүүгө 100 млн доллар өлчөмүндө жеке каражатын жумшап жатат.

1

Шамал паркы 100 мегаваттка эсептелген жана эки фаза менен курулат:

  • I фаза — 21 турбина, жалпысынан 50 мегаватт;
  • II фаза — ар бири 2,5 мегаватт болгон дагы 20 турбина.

Ишке киргизилгенден кийин шамал станциясы жылына 250 млн кВт/саатка чейин энергия өндүрө алат. Бул бүтүндөй аймакты туруктуу электр менен камсыз кылууга жана салттуу энергетикалык ресурстарга болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Шамал электр станциясы Ысык-Көл облусун гана электр энергиясы менен камсыз кылбастан, CASA-1000 долбоорунун алкагында аны экспорттой да алат.

Шамал паркынын ишке киришинин артында жыл сайын 35 миң унаанын абага чыгарган газдарына барабар болгон булгануунун алдын алынат. Бул көмүр кычкыл газынын, түтүндүн (смог), кычкыл жамгырлардын жана дем алуу органдарынын ооруларынын азайышын шарттайт.

Жашыл станциялар ассоциациясынын башчысы Кундус Кырбашева маалымдагандай, кошуу процесси кошумча убакытты талап кылат, анткени электр берүү линияларын тартуу зарыл. Бул өзүнчө жана техникалык жактан татаал этап болуп саналат.

2

Кырбашева Кыргызстанда шамал энергетикасынын мүмкүнчүлүгү олуттуу бойдон калууда деп эсептейт.

"Совет доорунда да, СССР кулагандан кийин да шамал ресурстары дээрлик изилденбегенине карабастан, Кыргызстандын жаратылыш шарттары бул тармакты өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Кыргызстандын аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолуу аймактар түзөт, бул туруктуу шамалды жаратат", - деди ал.

Ошентсе да, Кырбашева кайра жаралуучу энергия булактарын жалпы энергетикалык тутумга интеграциялоодо чектөөлөр бар деп эсептейт. Кыргызстандагы шамал станцияларынын оптималдуу орнотулган кубаттуулугунун көлөмү болжол менен бир гигаватты түзөт.

"Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр энергиясынын жетишсиздигинин (дефицитинин) өсүп жаткан фонунда, энергетиканы диверсификациялоо зарылдыгы бар, бул өтө маанилүү болуп калды. Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнүн 90 пайыздан ашыгы гидроэлектростанцияларга туура келет, ал эми альтернативдик энергия булактарынын үлүшү өтө төмөн – 1-2 пайыздан аз. Энергетиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшү кеминде 10 пайызга жетиши керек", - деп баса белгиледи ал.
3

Казакстанда альтернативдик энергия булактарынын үлүшү 50 пайыздан ашып кеткен учурда, Кыргызстан бул тармакты ири масштабда өнүктүрүүнү эми гана баштап жатат. Жакынкы жылдарда мындай долбоорлордун жана компаниялардын саны көбөйөрү күтүлүүдө.

Баткен жана Нарын облустарында жаңы шамал станцияларын куруу үчүн келечектүү аянтчаларды изилдөө иштери уланууда.

Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамына ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактары тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун баасы мыйзамда каралган коэффициентке көбөйтүү менен 3 сом 40 тыйынды түзөт.

4

Жалпысынан алганда, эксперттер шамал электр станциялары келечектүү деп белгилешет. Анткени технологиялык прогресстин, саясий колдоонун жана чыгымдардын азайышынын аркасында алардын дүйнөлүк энергетикалык баланстагы үлүшү өсө берет.

2030-жылга карата шамал электр станцияларынын дүйнөлүк кубаттуулугу олуттуу көрсөткүчтөргө жетип, ал эми энергияны сактоо системалары менен интеграциялоо технологиялары шамал энергиясын ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат деп күтүлүүдө.