Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы алдыдагы күндөргө карата Чолпон-Ата шаары боюнча аба ырайынын божомолун билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-июлда, 1-2-августтарда жана 3-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 3-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 5-августта жана 6-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн +13…+19 градус, күндүз +23…+30 градус жылуу болот.