Албанияда дүйнөдөгү алгачкы жасалма интеллект-министр парламентте сөз сүйлөдү

Дүйнө Загрузка... 19 Сентябрь 2025 11:36
WhatsApp Image 2025-09-19 at 09.04.04.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Албания парламентинин жыйынында жаңы дайындалган жасалма интеллект-министри Diella алгачкы жолу расмий кайрылуу жасады. Бул тууралуу Коммерсант кабарлады.

Маалыматка ылайык, улуттук албан кийимин кийген аялдын образы менен экран аркылуу чыккан жасалма интеллект үч мүнөттүк сөзүндө өлкөнүн конституциясын эске салып, кызматтын маңызы — элге ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү кызмат кылуу экенин белгилеген.

Өткөн жумада Diella расмий түрдө тааныштырылган. Анын аты албан тилинде “Күн” дегенди билдирет. Жасалма интеллектке мамлекеттик сатып алуулар тармагын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн.