Аламүдүн райондук сотунун судьясы пара алууга шектелүүдө

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-04-07 at 15.26.41.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Аламүдүн райондук сотунун судьясы пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Т.М.Т. аттуу жаранга эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылган. Бул үчүн ал 26 миң АКШ долларын алып, бирок берген убадасын аткарган эмес.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья Ш.Б.Ж. мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен кармалды.

Белгиленгендей, Судьялар кеңеши судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү чечимин кабыл алган. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар сот системасынын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.