Бишкек, 14.06.25. /Кабар/. Алай районунун Гүлчө айылында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 13-июнда саат 02:28де чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду.
Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген.
Окуя болгон жерде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Мусаев жабыркагандардан кабар алышты.