Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Алайда айыл башчы жарандан опузалап акча талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алай РИИБге 1958-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, жергиликтүү айыл башчы Т.К. анын 1 гектар чөп чабынды жер тилкесин иштетүүгө тоскоолдук жаратып, 65 миң сом талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факт боюнча "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында 9-мартта айыл башчысы сураган акчанын 60 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.