Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорттун" аймагындагы №1 унаа токтотуучу жайдын курулушу акыркы баскычка чыкты.
Ишкананын маалыматына ылайык, унаа токтотуучу жайда 1 035 унаага орун каралган. Анын жалпы аянты 22 792 чарчы метрди түзөт.
"Учурда акыркы катмарлардын алдындагы битумдук сиңирүү катмары төшөлүүдө. Кийинки этапта асфальт-бетон жабуусунун акыркы катмары төшөлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, курулуш иштери жыйынтыктоо алдында турат.