«Ала-Тоо Резорт» Борбор Азиядагы эң ири инвестициялык долбоор. Туризмди өнүктүрүүгө уникалдуу шарт түзүлүүдө

Аналитика Загрузка... 23 Июнь 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Караколдун жанында жайгашкан эң кооз жерлер жакында уникалдуу туристтик кластердин курулуш аянтына айланат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги тоо лыжа курорту Борбор Азиядагы эң чоң эс алуу жай болот. Долбоор мейманканаларды, коттедж шаарчаларын, оюн-зоок комплекстерин, ресторандарды жана дүкөндөрдү, лыжа тебүү үчүн узун трассаларды жана асма жолдорунун курулушун камтыйт.

Комплекс Каракол эл аралык аэропортунан алыс эмес жерде жайгашат. Долбоор өзү жалпысынан "Жыргалаң", "Ак-Булак" жана "Боз-Учук" тоолорунун тегерегинде ишке ашырылат. Бул тоолордун боорунда 250 километрлик лыжа трассалары салынат. Учурда курортторго жетүү үчүн ыңгайлуу жолдор салынып, электр тармактары тартылууда. Эң негизгиси, бекитилген долбоор заманбап эл аралык талаптарга жана жогорку экологиялык стандарттарга жооп берет. Башкача айтканда жаратылышка тийгизген таасири минималдуу болот.

«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында журналисттерге билдиргендей, аналогу жок тоо кластеринин ишке кириши Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет.

“Бул долбоор биздин тарыхыбыздагы туризм тармагындагы эң амбициалдуу долборлордун бири болот. Долбоор биздин президентибиз Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, мамлекеттик маанидеги долбоор болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн президентибиз Европа адистердин чакырып, Кыргызстанда тоо курортун куруу боюнча тапшырма берген. Ал эми европалык адистер тарабынан Кыргызстандын бардык булуң буручтарын айланып эң ыңгайлуу деп ушул Ыссык-Көл облусунун Аксуу районунун "Жыргалаң", "Боз-Учук", "Ак-Булак" тоолору табылган. Европа адистери тарабынан мастер -планы түзүлгөн. Бул долбоор ишке ашканда алгач региондордун , андан соң мамлекеттин экономикасына дем берүүчү механизм болуп саналат. Долбоор ишке ашкандан кийин экономикабыздын көтөрүлүшүнө чоң салым кошуу менен бирге экономиканын локомотивине айланат деп үмүттөнөм. Тоо курорттору туристтерди эң жогорку деңгээлде тосуп ала турган жайлардан болот”,- деп белгиледи Жаркынбек Максутов.

Азыркы учурда жеринде даярдык иштери жүрүп жатат, курортторго жолдор салынып, электр тармактары тартылууда, суу алуучу жайлар жана тазалоочу курулмаларды курууга даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Ата-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынын курулуш боюнча директорунун орун басары Аскат Чолпонбаев буларга токтолду: «Транспорт, энергетика жана айыл чарба министрликтери менен биргеликте курулуш иштеринин план-графиги бекитилди. Инфраструктуралык объектилерди курууга кеткен бардык чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланарын белгилей кетүү зарыл. Жер мыйзамына ылайык, 3916 гектар жер айыл чарба жана токой чарба категорияларынан өнөр жай, транспорт жана башка багыттагы категорияларга, башкача айтканда, туристтик объектилерди куруу үчүн которулду. Биринчи этапта биз 1624 гектар жерди ээлеген Жыргалаң долбоорун ишке ашырууга кириштик. Анын ичинен 58 гектары тоо айылын курууга каралган. Калган бөлүгү – инфраструктура, анын ичинде асма жолдору, лыжа трассалары.

Биринчи этапта Жыргалаң шаарчасы курулат. Бул жерде ондогон мейманканалар жана башка инфраструктуралык объектилер курулат. Инвесторлор 49 жер тилкелерине инвестиция салганга мүмкүнчүлүк алышты. Долбоорго ылайык мейманкана комплекстери курулат. Ысык-Көл облусундагы тоо лыжа кластерин өнүктүрүүгө катышууну каалагандар үчүн бир айга жетпеген убакытта, тагыраак айтканда 15-июлда ачык аукцион өткөрүлөт",-деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ижара мамилелери башкармалыгынын башчысы Жанболот Туткабаев конкурс мүмкүн болушунча ачык өтөрүн баса белгиледи.

“Аталган долбоор боюнча бизде 49 электрондук лот жарыяланган. Электрондук аукционго катышууга Кыргызстандын жарандарынын мүмкүнчүлүгу бар. Ага катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамгасын алуу керек. Анан биздин порталдан каттодон өтүп, тийиштүү лотко электрондук өтүмдү таштап туруп, лотко ылайык кепилдик төлөмдү төлөп туруп , аукционго катышса болот”,- дейт Жанболот Туткабаев.

Долбоор албетте, капиталды көп талап кылат, ошондуктан инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Аукциондон утуп алган Кыргызстандын жарандарына кызыл китеби берилет. Ал эми чет элдик инвесторлор үчун жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет. Мейманканалардын сырткы көрүнүшүнө гана талап бар, алар этношаардын бирдиктүү архитектуралык стилине дал келиши керек, ал эми комплекстердин ички жасалгасын инвестиция салган компаниянын каалоосу боюнча жасаса болот.

Ысык-Көлдө курорттук-тоо лыжа кластерин ишке киргизүүдөн күтүлгөн экономикалык таасир тууралуу кыскача айта кетсек. "Жыргалаң", "Ак-Булак" жана "Боз-Учук" комплекстеринин баары ишке киргенде, күтүлгөн жылдык туристтердин агымы эки миллионго жакын болот. 4,5 миңден ашык жумушчу орундар түзүлүп, жакын жердеги айылдардын тургундары жана жергиликтүү фермерлер өз продукцияларын курорттук аймакка жеткире алышат.

Бюджетке жыл сайын болжол менен 150 миллион евро киреше түшөт деп күтүлүүдө. Эксперттердин пикиринде, бул Борбор Азиядагы эң чоң тоо лыжа кластери болот жана жаратылыш ландшафты, тейлөө деңгээли, экологиялык тазалыгы жана коопсуздугу боюнча европалык тоо курортторунан кем калбайт.