Ала-Букада үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болду

Кырсык Загрузка... 26 Январь 2026 16:26
1670329415_16079502.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүгүн өлүм менен коштолгон окуя катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан турак үйдө көмүрдөн чыккан иске ууланып, төрт адам каза болгон.

Окуя тууралуу маалымат «102» номерине саат 12:20 чамасында түшкөн. Каза болгондор - 1994-жылы туулган эркек киши (А.Д.), 2002-жылы туулган аял киши (И. кызы З.), ошондой эле 2024 жана 2025-жылы туулган эки кичинекей кыз (С.Д. жана С.М.).

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.