Бишкек, 02.02.26 /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы "Байчечекей" чокусуна чыгып бара жатып жардан кулаган украиналык турист аман-эсен куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чет элдик жаранды куткарууга 5 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар украиналык туристти "Рацека" альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришти.
Белгилей кетсек, күн мурун "Байчечекей" чокусуна чыгып баратып кулаган турист тууралуу 112 кызматына билдирүү түшкөн.