Ала-Арчада куткаруучулар жүрөгү ооруган аялга жардам беришти

Ден соолук 30 декабрь 2025 10:26
Ала-Арчада куткаруучулар жүрөгү ооруган аялга жардам беришти
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагында куткаруучулар жүрөгү ооруган аялга жардам беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кайрылуу түшөр замат ошол аймакта кызмат өтөп жүргөн 2 куткаруучу жабыркаган аялга жеринен алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Абалы турукташкандан кийин аял туруктуу жашаган жерине өз алдынча кеткен. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.