Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Ала-Арчада бүтүн кокустатып алган эс алуучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылып, 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Абалы туруктуу.