Ала-Арча паркына амфитеатр жана асма жол курулуп, экотуризмдин борборуна айланат

Коом 25 апрель 2025 18:30
492508382_9734929433220312_30_tFYmALp.max-1920x1080.format-webp.webp
492510758_9734927376553851_69_npkSuHh.max-1920x1080.format-webp.webp
492766747_9734928536553735_35_o9LIdhE.max-1920x1080.format-webp.webp
493792923_9734927093220546_44_Ydcz5VZ.max-1920x1080.format-webp.webp
493850593_9734927356553853_84_zDu7T4l.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
492508382_9734929433220312_30_tFYmALp.max-1920x1080.format-webp.webp
492510758_9734927376553851_69_npkSuHh.max-1920x1080.format-webp.webp
492766747_9734928536553735_35_o9LIdhE.max-1920x1080.format-webp.webp
493792923_9734927093220546_44_Ydcz5VZ.max-1920x1080.format-webp.webp
493850593_9734927356553853_84_zDu7T4l.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо" эл аралык конференциясынын катышуучулары менен Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына көчөт отургузууга катышты.

"Бул иш-чараны кадимки расмий сапар катары эмес, келечекке жасалган жандуу белги катары кабыл алдым. Президенттин колдоосу жана демилгеси менен акыркы жылдары Ала-Арча жаңыча нукта өнүгүп келе жатат. Бул – инфраструктура эмес, идеялар өзгөргөн учур. Эми жаратылышты сактоо менен бирге заманбап шарттарды жаратуу мүмкүн экенин далилдеп жатабыз", - деп жазды президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына.

Анын айтымында, учурда паркта бир нече чоң долбоор ишке ашууда. Парктын жогорку зонасында амфитеатр курулуп жатат, ал жакынкы убакта ишке берилет. Ошондой эле, жаңы башкаруу жана өткөрүү пункту (КПП) курулуп бүтүп калды, тартипти жана экотуризмди камсыздайт.

"Бүгүнкү күндө экологиялык мейманканалар, бассейн жана жеңил конструкциялардагы эс алуу жайлары активдүү курулууда. Мындан тышкары, асма жол (канатная дорога) да пайда болот — бул тоолордун кооздугун көрүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк болот.

Ала-Арча мындан ары жөн гана эс алуу эмес, экологиялык ой жүгүртүүнүн борбору болот.

Бүгүн отургузулган ар бир көчөт — биздин экологияга, келечекке болгон ишенимдин символу. Биз бүгүн дарак тигип жатабыз, эртең ал элге көлөкө, дем алуу, илхам берип калат", - деди ал.