Адам укуктарын коргоону негизги баалуулук катары карманган Юридикалык жардам кызматы бүгүн жарандар үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу механизмге айланды. Ал акысыз юридикалык кеңеш берүү, жактоочу менен камсыз кылуу жана ал тургай жабык жайлардагы адамдарга чейин жеткен мобилдик кызматтары аркылуу өлкө боюнча активдүү иш алып барууда. Андан өлкөнүн бардык жарандары пайдалана алышат. Мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу бүгүн Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева айтып берет.

— Юридикалык жардам кызматы качан түзүлгөн жана анын негизги милдеттери кайсылар? Сиздердин кызматтан өлкөнүн башка аймагындагылар дагы пайдалана алабы?
— Негизи мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы – алгач 1993-жылы укуктук институт катары түзүлгөн. Андан соң 2009-жылы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ал эми 2016-жылы Юстиция министрлигинин алдында аталган жардамды координациялоо борбору түзүлүп, алардын функциясына юридикалык жардам алуучу менен адвокаттын кызматташуусун координациялоо кирген. 2022-жылы мыйзам жаңырып, ал борбор министрликке караштуу Юридикалык жардам кызматы болуп түзүлгөн. Ал эми анын максаты - кызматтын ар бир райондо жеткиликтүүлүктүлүгү. Учурда бардык райондордо координаторлор иш алып барышууда.
Мезгил талабына ылайык, мыйзам өзгөртүлүп, жардам алуучулардын катарына - жарандык жана административдик иштерден сырткары, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар, адам сатуунун курмандыктары, кыйын жашоодо калган балдар, жалгыз бой адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери киргизилген.

Мындан тышкары жардам берүүлөр автоматташтырылды. Өлкөнүн бардык аймагынан жарандар онлайн түрүндө же 114 ыкчам байланыш аркылуу кеңештерди ала алышат. Ал эми акысыз адвокат алуу үчүн райондук кеңселердеги биздин адистерге кайрылышса болот.
— Сиздерге күнүнө канча адам кайрылат? Көбүнчө кандай маселелер менен?
— Системасын жакшыртуу максатында биз анализ жана мониторингдерди жүргүзүп келебиз. Кызмат тарабынан бекитилген атайын методология бар. Талдоолорго ылайык республика боюнча күнүнө 200гө жакын жаран биздин кеңселерге консультация алуу үчүн кайрылышат. Ал эми 114 ыкчам байланыш телефонуна күнүгө 35-50гө жакын адам кайрылат.

— Жакында он күндүк декада өткөрдүңүздөр? Анын жыйынтыктары кандай болду? Декада максатына жеттиби?
— Албетте, декада өз максатына жетти. Жыйынтыгында 6419 жаран акысыз юридикалык консультация алды. Алардын ичинен: Эркектер- 2960, аялдар- 3459. Жарандар көбүнчө документтештирүү, жер маселеси, үй-бүлөлүк укуктук маселелер, социалдык камсыздоо, менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор боюнча кайрылышты. Декаданын алкагында мектептерге, жабык мекемелерге дагы мобилдик чыгуулар уюштурулуп укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
— Жабык жайлардагы жарандарга дагы жардам берет экенсиздер. Аларга кандай жолдор менен кандай кызматтар көрсөтүлөт?
— Ушул жылы 4 жолу мобилдик чыгуу уюштуруп жабык мекемелерге барып соттолгон жарандарга укуктук кеңештерди бердик. Ошондой эле жактоочуга муктаж болгондорун жеринен адвокат менен камсыз кылдык.

— Сиздердин мекеменин көрсөткөн кызматы жеке кызмат көрсөтүүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
— Мен жогоруда айтып өткөндөй эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу бул жарандардын конституциялык укугу болуп саналат. Биз мыйзамдарда каралган тартипте адамдарга акысыз түрдө жардам көрсөтөбүз. Ал эми квалификациялуу юридикалык жардам берүүнүн алкагында жарандардын укугун коргоо үчүн аларды адвокат менен камсыз кылабыз. Биз дайындап берген жактоочулардын акысы минкаб тарабынан бекитилген атайын тарифтерге ылайык республикалык бюджеттен төлөнүп берилет. Ошондой эле жалпысынан алганда жардам берүү системасын координациялоо боюнча иштерди алып барабыз.

— Бул арада жарандардын Юридикалык жардам кызматына болгон ишеними канчалык деңгээлде жогорулады деп айта аласыз?
— Учурда биздин автоматташтырылган маалымат тутумдарыбызга кайтарым байланыш системасын киргизип жатабыз. Бул система аркылуу жарандар биздин ишибизди баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми бүгүнкү күндө ыраазы болгон жарандар кат түрүндө ыраазычылыктарын жана бизге болгон ишенимдерин билдирип кетишет. Мындан тышкары, учурда көз карандысыз эксперттер укуктук сабаттуулук жана жарандардын биздин системага болгон ишенимин талдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Алдыда жыйынтыгы менен бөлүшөбүз.