Мекенибизде багбанчылык өтө тездик менен өнүгүүдө - Малабаев

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-04-18 at 12.49.31.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда багбанчылык тармагы тездик менен өнүгүп бара жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин сортторду жана гибриддерди сыноо бөлүмүн башкы адиси Нурбек Малабаев билдирди.

Анын айтымында, бул тармак жогорку түшүмдүүлүк жана киреше алып келүүчү экономикалык мүмкүнчүлүк катары каралууда. Багбанчылыктын басымдуу бөлүгү мөмө-жемиш бактары болууда. Учурда өлкөдө орто эсеп менен 68 миң гектар мөмө бак бар.

“Аймак менен бөлүп карай турган болсок, мөмө-жемиш бактарынын көбү Баткен облусунда. Кийинки кезекте Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Чүй облустары турат”,- деди ал.

Малабаев белгилегендей, учурда багбанчылыкка арналган жерлердин көбөйүшү менен бирге, мөмө-жемиштердин сапатын жогорулатуу жана экспорттук потенциалды кеңейтүү багытында да иштер жүрүүүдө.

“Анын ичинде эл аралык стандарттарга жооп берген сортторду тандоо, региондордун климатына ылайыкташкан гибриддерди иштеп чыгуу сыяктуу багыттар бар. Азыркы тапта Кыргызстанда багбанчылыкты колдоо үчүн мамлекеттик программалар жана донордук долбоорлор иштеп жатат. Аларга маалымат берүү, агрономдорду окутуу, сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу иштерине басым жасалууда”, - деди ал.

Ал ошондой эле багбанчылыктын келечеги кең экенин айтып, бул тармакта туруктуу жана натыйжалуу саясат жүргүзүлсө, Кыргызстандын айыл чарба экономикасынын негизги бөлүгү болушу мүмкүн экенин белгиледи.