Акыркы төрт жылда Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 4 эсеге өстү

Министрлер кабинети 26 Август 2025 17:33
68ad6d5875570.jpeg
68ad6d576b1e8.jpeg
68ad6d5841989.jpeg
68ad6d595c956.jpeg
68ad6d575bcbc.jpeg
Алдыга
Артка
68ad6d5875570.jpeg
68ad6d576b1e8.jpeg
68ad6d5841989.jpeg
68ad6d595c956.jpeg
68ad6d575bcbc.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармс менен жолукту. 

Тараптардын жолугушуусу “Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отурумунун алкагында өттү.

Минкаб төрагасы Кыргызстан менен Германиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги саясий диалог түзүлүп, экономикалык байланыштар жанданганын белгиледи. Бул багытта ал Германия Кыргызстандын маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2022-жылдан бери эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү, Германиядан келген инвестиция 3 эсеге өскөн. 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын Германия менен соода жүгүртүүсү дээрлик төрт эсеге өстү.

“Биз герман компанияларынын инвестициялоо үчүн эң келечектүү багыттары IT сектору, анын ичинде маалымат борборлорун, логистикалык хабдарды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу, анын ичинде “жашыл суутек” өндүрүү тармагындагы изилдөөлөр деп эсептейбиз, ошондой эле тоо-кен тармагы. Кыргызстан биздин өлкөдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон герман компанияларын ар тараптан колдоого даяр”, - деди ал. 

Өз кезегинде Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармс меймандостук жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, эки тарапка тең пайдалуу бир катар далилдүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.