Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 31 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 6;
- Чүй облусунданда – 7;
- Баткен облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Нарын облусунда – 3;
- Ош облусунда – 5;
- Талас облусунда – 2;
- Ысык-көл облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 31 күжүрмөн эсеп тартылган, ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.