Акыркы суткада өлкөдө 27 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 2 декабрь 2025 09:45
Акыркы суткада өлкөдө 27 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. Акыркы бир суткада өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 4;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 8;
  • Ош облусунда – 5;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Ысык-Көл облусунда – 3.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.