Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 36 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Чүй облусу – 9,
- Ош облусу – 9,
- Бишкек шаары – 7,
- Жалал-Абад облусу – 6,
- Баткен облусу – 3,
- Ош шаары – 1,
- Ысык-Көл облусу – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 39 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.