Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 6 август 2025 10:15
Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт кырсыгы катталды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 6;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусунда – 5;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.