Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 13 Январь 2026 09:52
1_PUGiz5I_2egx47F.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ош шаарында – 1;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Ош облусунда – 2.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.