Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы бардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти
Маалыматка ылайык, 11-классты 491, ал эми 9-классты 757 окуучу аяктады.
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектепте өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап, ак жол каалады.
Майрамдык жыйындын алкагында окууда өзгөчөлөнгөн алдыңкы окуучуларга калаа башчысынын Ыраазычылык каттары жана атайын стипендиялары салтанаттуу түрдө тапшырылды.