Акыркы коңгуроо. Баткендеги мектептерде салтанаттар өтүүдө

Билим 26 Май 2025 12:30
499952945_1240110304149089_3594040851998369841_n (1).jpg
500018665_1240110774149042_5047398556633932952_n.jpg
500121299_1240110660815720_1556002012177011810_n.jpg
500606964_1240110620815724_1300228558845452555_n.jpg
501077889_1240110594149060_7689282379992876596_n.jpg
501222104_1240110547482398_4012545737834565583_n.jpg
500612740_1240110500815736_1007348699057514636_n.jpg
500708723_1240110490815737_4681324150680047411_n.jpg
500645465_1240110437482409_2661322962296575973_n.jpg
499986824_1240110387482414_4330754965759943488_n.jpg
501044294_1240110380815748_7495829402515246347_n.jpg
499940287_1240110290815757_3488872915733005255_n.jpg
499785523_1240110277482425_6834033177606553613_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Баткен облусунун аймагындагы мектептерде 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктаган акыркы коңгуроо кагылып, жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облустагы мектептерде 9-классты 10459 окуучу,11-классты 5322 окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 1-класска жыл башында 12690 окуучу кабыл алынган.

Бул күнү Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептеги салтанатка Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси Айжигит Акматов катышып, бүтүрүүчүлөргө облус башчысынын куттуктоосун жеткирип, алдыңкы окуучуларды тарбиялаган мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды.

"Акыркы коңгуроо" иш-чарасын өткөрүүдө, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өз багыты боюнча иш алып барууда.

Белгилей кетсек, учурда облуста беш типтүү мектептин курулушу жана төрт мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Бул билим берүү мекемелери жыл соңуна пайдаланууга берилет.