Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Өзбекстанда “Акыркы кат” спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, театр аталган спектаклди 100 жылдыгынын алкагында бир тууган элдин ынтымагын, маданий алакасын чыңдоо максатында тартуулоо алдында турат. Чыгарма Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиевге таандык. Ал эми койгон режиссеру – Уланмырза Карыпбаев.
“Кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн, журт аталарынын көбүнүн ишмердүүлүгү Ташкент шаарында өткөн. Улуттук театрдын жамааты эки элдин ортосундагы маданий алаканы чыңдап эле тим болбой, кыргыздын тарыхын коңшу элдин жаш муундарына таанытууда”,-деп айтылат маалыматта.