Акыркы бир айда УКМКдан канча кызматкер иштен бошотулганы айтылды

Коом Загрузка... 19 Март 2026 12:40
News_160279058869050720381642741406044713349.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде акыркы бир айда атайын кызматтын канча кызматкери иштен бошотулганын билдирди.

Төраганын айтымында, 11-февралдан бери УКМКда жүргүзүлгөн ички иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, катаал дисциплинардык чаралар көрүлдү.

УКМКдан 7 кызматкер кетирилип, дагы 83 кызматкер ээлеген кызматынан алынган, кызматка талапкер болгондордун тизмесинен алтоо чыгарылган. Ошондой эле 13 кызматкер тартиптик жазага тартылган.