Акыркы 5 жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматынын экспорту 45 эсеге көбөйдү

Президент 1110 07 Ноябрь 2025 11:32
it-calc.jpg
579395473_24930461946595378_6464586890239667867_n.jpg
Алдыга
Артка
it-calc.jpg
579395473_24930461946595378_6464586890239667867_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Акыркы 5 жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматынын экспорту 45 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, 2024-жылы кыргыз IT адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетке кызматтарын 130 млн долларга экспорттоп, бул багытта АКШ биринчи орунду ээледи.

“IT кызматтарынын 40%ы АКШга экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга. Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, америка тарабына Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштамакчымын”, - деди мамлекет башчысы.