Акыркы 5 жылда Кыргызстанда 394 мектеп жана 147 бала бакча курулду

Билим 28 Январь 2026 17:50
1.jpg
619669334_1339318594908548_1227671583441681782_n.jpg
619609076_1339312101575864_5881549851050305278_n.jpg
619609076_1339318504908557_7741993434328407665_n.jpg
619833048_1339312901575784_8650140703440148724_n.jpg
621509635_1339312311575843_6776731259172015317_n.jpg
622138620_1339312048242536_4009867571502716541_n.jpg
622269605_1339312074909200_4941930704355711299_n.jpg
622390841_1339312814909126_3163984077137584555_n.jpg
622412867_1339312261575848_7152710238001011858_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине беш жыл толду.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул мезгил аралыгында өлкө жетекчилигинин колдоосу менен билим берүү системасын трансформациялоо багытында олуттуу иштер аткарылып, социалдык маанидеги объекттердин курулушу кеңири жүрдү.

2021-2025-жылдар аралыгында жалпы 673 билим берүү объектиси бүткөрүлдү. Анын ичинде:

  • 394 мектеп жана 147 бала бакча жаңы курулуп;
  • 114 мектеп жана 18 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

2021-жылы жалпы 101 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди. Анын ичинде:

  • 67 мектеп;
  • 21 бала бакча курулду;
  • 11 мектеп жана 2 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

2022-жылы 75 объект бүткөрүлдү:

  • 50 мектеп;
  • 10 бала бакча курулду;
  • 11 мектеп жана 4 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

2023-жылы 159 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди:

  • 124 мектеп;
  • 16 бала бакча курулду;
  • 19 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

2024-жылы жалпы 175 объект бүткөрүлдү:

  • 77 мектеп;
  • 59 бала бакча курулду;
  • 32 мектеп жана 7 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

2025-жылы 163 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди:

  • 76 мектеп;
  • 41 бала бакча курулду;
  • 41 мектеп жана 5 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.