Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргызстан Женевада балдар онкологиясы тутумун өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана эл аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.
Иш-чарада министр Дамир Осмонов балдар онкологиясын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин белгиледи. Акыркы он жылда өлкөдө бул тармакты мамлекеттик каржылоо 200дөн ашуун эсе өскөн. Бул заманбап дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана диагностиканын сапатын жогорулатууга шарт түздү.
Министр Кыргызстан 2023-жылы ДССУнун Балдар рагына каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгесине (GICC) фокустук өлкө катары кошулганын айтты. Ошондой эле жогорку технологиялык медицинаны өнүктүрүүнүн алкагында, 2024-жылы өлкөдө биринчи жолу баланын жилик чучугун аутотрансплантациялоо ийгиликтүү жасалганын баса белгиледи.
Кыргызстан учурда ДССУ, St. Jude Children's Research Hospital, Princess Máxima Center сыяктуу эл аралык борборлор менен кызматташууну кеңейтүүдө. Дамир Осмонов өлкө балдар рагын дарылоо үчүн дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча глобалдык платформага (GPACCM) кирүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.