“Акылман” президенттик лицейинде "Акыркы коңгуроо" салтанаты белгиленди

Билим Загрузка... 28 Май 2025 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Күн мурун “Акылман” президенттик лицейинде "Акыркы коңгуроо" салтанаты белгиленди.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев, окуучулардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Саамалыкты утурлай билим берүү мекемесинде так илимдер боюнча лабораториялык класстар ачылды.

Билим берүү уясынын директору Эмил Рыскуловдун айтымында, эми лицейдин окуучуларына эл аралык олимпиадаларга даярданууда, практикалык иштерди жасоодо жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Өлкөдөгү бардык мектептердин балдары дүйнөлүк олимпиадаларга даярданууда практикалык көндүмдөрдү жасоодон кыйналып келишет. Лабораториялык класстардын ачылышы бир гана лицейдин окуучулары үчүн эмес, республиканын ар бир мектеби үчүн жакшы саамалык болот деп ойлойм”,-деди ал.

“Акылман” президенттик лицейи Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалы жогору, өзгөчө зээндүү балдарды окутууга жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик билим берүү мекемеси.

Аталган лицей 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында негизделген. Билим берүү мекемесинде өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келген окуучулар билим алышат. Учурда лицейде 190 бала билим алууда.

Лицейдин башкы максаты - келечекке багытталган, жогорку интеллектуалдык потенциалы бар, мекенчил жана билимдүү жаш муунду тарбиялоо. Билим берүү кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлүп, жогорку талаптарга ылайыкташкан окуу программалары колдонулат. Математика, табигый илимдер, тилдер жана технология багытындагы тереңдетилген сабактар окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Билим берүү мекемеси толук кандуу жатаканасы, заманбап лабораториялары, спорт жана чыгармачылык залдары, китепканалары жана мультимедиа класстары менен камсыздалган.

Окуучулар үчүн тамак-аш, жатакана жана окуу акысы толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.