Таласта иштен негизсиз бошотулган курулушчулар кайра жумушка алынды - Акыйкатчы

Аймак Загрузка... 23 Февраль 2026 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Талас облусунун 21 тургуну Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, эмгек укуктарын коргоону суранган.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, алар 5–16-январь аралыгында Талас шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеген.

Жумушчулардын айтымында, курулушту жүргүзгөн компания 16-январда аларды жүйөөсүз иштен бошотуп, ордуна башка өлкөнүн жарандары алынган.

Жумушчулар компания менен эмгек келишимин түзгөн эмес, бирок жумушка чыгуу журналы жүргүзүлүп турган, ошондой эле жумушчулардын иштегенин далилдеген фото-видео материалдар бар болгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү органдарга кат жөнөтүп, маселени карап чыгууну суранган.

Кийин курулушту жүргүзгөн компания алмашып, жаңы компания жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болгон.

Маалыматка ылайык, февраль айында арыз ээлери кайра жумушка орношкон.