Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын жетекчиси менен жолукту

Министрлер кабинети 255 19 Август 2026 13:00
6a854c6f6abe4 (1).jpeg
6a854d0fe5694.jpeg
6a854d0825d9a.jpeg
6a854cf833c44.jpeg
6a854cf789e59.jpeg
6a854cf785d06.jpeg
6a854cd0bfd3b.jpeg
6a854ccb4b2bb.jpeg
6a854cc4e9ef0.jpeg
6a854cb45ce78.jpeg
6a854cb44636e.jpeg
6a854cb3b3421.jpeg
6a854cb39d829.jpeg
6a854cb30b684.jpeg
6a854cb29dea8.jpeg
6a854c7dbb995.jpeg
Алдыга
Артка
6a854c6f6abe4 (1).jpeg
6a854d0fe5694.jpeg
6a854d0825d9a.jpeg
6a854cf833c44.jpeg
6a854cf789e59.jpeg
6a854cf785d06.jpeg
6a854cd0bfd3b.jpeg
6a854ccb4b2bb.jpeg
6a854cc4e9ef0.jpeg
6a854cb45ce78.jpeg
6a854cb44636e.jpeg
6a854cb3b3421.jpeg
6a854cb39d829.jpeg
6a854cb30b684.jpeg
6a854cb29dea8.jpeg
6a854c7dbb995.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC) башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту. 

Алгач минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жетектеген кыргыз делегациясынын курамына кирген ондон ашуун Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине корпорациянын тарыхы жана ишмердүүлүгү тааныштырылды. 

Анда негизинен Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу продуктуларды жеткирүүнүн жол-жоболору каралды. 

Бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эл аралык деңгээлде жана стандарттарга жооп берген мунай кендерине жүктөрдү жеткирүү, ошондой эле чийки мунайды, жаратылыш газын, мунай продуктуларын жана атайын кайра иштетилген продуктуларды, химиялык продуктуларды ташуу жана кампа логистика кирет.  

Ага байланыштуу бул багытта корпорация менен ыкчам жана тыгыз иш алып баруу үчүн, өлкөнүн Энергетика министрлигине жалпы ишти координациялоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Бажы кызматына көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен мунай ташыган жүктөрдү токтоосуз өткөрүү, Тышкы иштер министрлигине жеткирүү кызматын аткарган айдоочулардын визаларын тариздөөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелер жеринде каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Минкаб төрагасынын орун басары соода жүгүртүүсүз өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө болбой турганын, ошол себептүү кытай корпорациясы менен кыргыз компаниялары ортосунда дагы жаңы келишимдерди түзүү үчүн ишкерлер делегация курамына кошулганын, Борбор Азиядагы нефть рыногундагы кырдаалга байланыштуу бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми Кыргызстандан барган компаниялар мунай продуктуларын өлкөгө ташып келүү боюнча корпорация менен макулдашып, келишимдерге кол коюшту. 

Өз кезегинде Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын башкы директору Ло Ичжоу, Кыргызстан менен координацияны жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетип, чек ара бекеттеринде бажыдан өткөрүүнү, чет өлкөлөрдө операцияларды жана техникалык тейлөөнү, ишенимдүү, натыйжалуу жана үзгүлтүксүз Кытай-Кыргызстан энергетикалык логистикалык коридорун биргелешип түзүүгө жана эки өлкө үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы барагын жазууга даяр экенин билдирди. 

Маалымат үчүн: Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (CNPC) — дүйнөдөгү эң ири газ өндүрүү жана мунай казып алуучу мамлекеттик корпорациялардын бири. Ал мунай жана жаратылыш газын чалгындоого, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана эл аралык масштабдагы куурлар аркылуу мунай продукцияларын ташууга катышат.