Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. 25-ноябрда Казакстандын Актөбө облусунун "Жайсан" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жол кырсыгы болуп, анда 47 жаштагы С.Б. аттуу кыргызстандык жабыркаган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, окуя болгон күндөн тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жабыр тарткан С.Б., анын туугандары, ошондой эле Казакстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болууда.
Учурда аталган факт боюнча Казакстандын Актөбө облусунун Мартук райондук полиция бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.