Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Аксы районунун Ак-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.
Медициналык уюм райондук борбордон болжол менен 85 чакырым алыстыкта жайгашкан калктуу конушта орун алган. Жаңы объект айылдын жана ага жакын аймактардын жашоочуларын медициналык жардам менен кыйла жеткиликтүү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бөлүмдүн курамында терапиялык жана балдар бөлүмдөрү, стоматологиялык кабинет иштейт. Мекеменин штаттык курамында дарыгер, медициналык айымдар жана кенже медициналык персоналды кошкондо 17 кызматкер эмгектенет. Тейлөө аймагында 5 миңден ашык адам, анын ичинде 14 жашка чейинки 1 769 бала жашайт.